БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январдагы отурумунда «Жогорку, жергиликтүү соттор жана прокуратура тууралуу» мыйзам долбооруна өзгөртүү, кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алды. Мыйзам долбоорунун автору Кубатбек Байболовдун маалыматына караганда, аталган мыйзамга ылайык «кандайдыр бир кылмышка катышы бар» деп шектелген атуулдарды камакка алуу ыйгарым укугу прокуратурадан сот органдарына өткөрүлүп берилди.