Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ишенгүл Болжуровага, Топчубек Тургуналиевге административдик иш козголду


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин 1-май райондук бөлүмү Кыргызстан Элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова менен саясий кеңештин мүчөсү Топчубек Тургуналиев боюнча административдик иш козгоп, ишти сотко өткөрдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурдин Жангараев билдирди. Анын айтымында, иш козгоого милициянын 17 кызматкеринин Бишкекте өткөн нааразылык акциясына байланыштуу 19-январда берген арызы себеп болгон. Арызда алар жөө жүрүш учурунда кыймылдын тарапкерлери жол эрежелерин бузган, милиция кызматкерлерине баш ийген эмес жана Спорт сарайындагы ишке жолтоо болгон деген доомат коюшкан. Бийликтин аракеттерине нааразылык билдирген бул акцияга «Атажурт» жана Кыргызстан элдик кыймылдарын жактаган 400дөн ашык тарапкер чыккан. Булардын ичинен 2 жаранга административдик чара көрүлүп жатышын саясатчылар Ишенгүл Болжурова менен Топчубек Тургуналиев саясий куугунтуктун башталышы катары баалашты.

XS
SM
MD
LG