Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Бермет Акаева каттоодон өттү


БИШКЕК. 20-январда президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева №1 Университет шайлоо округу боюнча талапкер катары катталды. Бул тууралуу округдук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. БШКнын 19-январь күнкү кечки маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка жалпысынан 448 талапкер өз атынан, 72 талапкер партиялардын атынан арыз беришкен. Алардын ичинен 183 талапкер каттоодон өткөндүгү такталды. Катталгандардын ичинде президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев, премьер-министр Николай Танаевдин уулу Алексей Танаев, Президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымовдун уулу Нурдин Касымов, экс-спикер жана элчи Медеткан Шеримкуловдун уулу Кунай Шеримкуловдун аттары көзгө урунат. Ал эми талапкер катары катталбай калган 7 жарандын ичинде экс-элчилер Медеткан Шеримкулов, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков, Мамбетжунус Абылов жана «Эл үнү» партиясынын лидери, журналист Болотбек Марипов да бар.

XS
SM
MD
LG