Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:21

Британ тышкы иштер министри Жек Стро иш сапары менен Кытайда жүрөт


Британ тышкы иштер министринин Евробиримдик Кытайга мындан 15 жыл мурда киргизилген курал эмбаргосун жоюушу мүмкүн экендиги тууралуу өткөн аптада жасаган билдирүүсү кайчы пикирлерди жаратууда. Жек Стронун бүгүнкү сөзүнө караганда, азырынча бул маселе боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Конг Чуандын айтымында, жогорудагыдай кадам Европа менен алаканы жакшыртмак:

-Биз курал эмбаргосу жоюлуш керек деген ишенимдебиз. Бул Кытайдын өнүгүүсүнө, Европа менен эки тараптуу мамилебизге ылайык келбейт. Эгер эмбарго жоюлса, Кытай өтө көп өлчөмдө курал сатып албайт. Биздин оюбузча бул Кытай менен Евробиримдиктин мамилеси чыңдалуусуна жардам берет.

Британ тышкы иштер Кытайдын алдында Жапонияда болгон учурунда жапониялык кесиптеши Нобутака Мачимура алар аскерий эмбаргонун жоюлушуна каршы экенин айтты. Буга Кошмо Штаттар да каршы. Евробиримдик Кытайга курал эмбаргосун Пекин 1989-жылы демократияны жактаган студенттердин демонстрациясын күч менен баскан соң киргизген.

XS
SM
MD
LG