Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Израилдин аскерлери палестиналык өспүрүмдү жаңылыш атып алды


Израил радиосунун билдиргенине караганда, аскерлер баланын колундагы оюнчук мылтыкты чыныгы курал деп ойлошкон. Каза тапкан өспүрүм Иордандын Батыш жээгиндеги Тубас шаарынын жанында жөөт аскерлерине каршылык көргөзүп жаткан топтун арасында жүргөн эле. Мунун аралыгында палестин бийликтери алдыдагы күндөрү Газа сектору менен Израилдин чек арасында жүздөгөн полицейлерди жайгаштырган жатат. Мындай кадам кол салууларды жана Израилдин аймагын ракета, минемот менен атууларды токтотуу максатын көздөйт. Байкоочулар муну бийликкке Махмуд Абасс келгенден бери Палестинанын Израил менен коопсуздук жаатындагы алгачкы кызматташтыгы катары кароодо. Аббас аскерлерди жайгаштырууга жөөт жана палестин генералдарынын өткөн түнкү жолугушуусунан соң көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG