Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Виктор Ющенконун президент катары ант берүү аземи 23-январга белгиленди


Украинанын парламенти бүгүн мындай чечимди өлкөнүн Жогорку соту шайлоодо Ющенкого атаандаш болгон мурдагы премьер- министр Виктор Януковичтин соңку арызын четке каккан соң кабыл алды. Янукович Жогорку соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын 26- декабрдагы шайлоонун жеңүүчүсү катары Виктор Ющенкону жарыялоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгарууну суранган. Януковичтин өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар эми Адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылмакчы. Шайлоо кампаниясы учурунда Януковичти колдогон ору президенти Владимир Путин Ющенкону куттуктап, Украинанын жаңы президентин бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү боюнча саясатты улантууга чакырды. Ал ант бергенден эртеси эле кыска визит менен Орусияга келген жатат. Ющенкону билдиргенине караганда, ал Украина Евробиримдике кошулушун каалайт.

XS
SM
MD
LG