БИШКЕК. КМШ мамлекеттериндеги 2004-жыл ичиндеги адам укуктарынын абалына байланыштуу маалыматын Хьюмен райт вотч уюму январь айынын орто чендеринде жарыялаганын АКИпресс агенттиги эл аралык маалымат каражаттарына таянып 21-январда маалымдады. Анда Шериктештикке кирген өлкөлөрдө адам укуктарынын абалы жыл ичинде өзгөрбөгөнү, ал эми кээ бир жумуруяттарда начарлаганы белгиленген. Кыргызстан болсо реформа багытынан тайып, авторитаризмге ооп баратат. 2000-жылдагы шайлоодон кийин өкмөт саясий күрөштүн жана атуулдук коомдун өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктү азайтууда. Президент Аскар Акаевдин башкы атаандашы Феликс Кулов ойдон чыгарылган айып менен күнөөлөнүп, камакта отурат, деп жазылган Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоо уюмунун жылдык отчетунда.