ГАЗА. Палестин лидери Махмуд Аббаc Газадагы чек ара тилкесине палестин күчтөрүнүн жайгаштырылышы израилдик аскердик операцияларга бөгөт койорун билдирди. Президент коопсуздук күчтөрүнүн максаты "чек араны кандай болболсун агрессиядан коргоо" деп баса белгиледи. Мындан мурда Израил эгерде палестин бийликтери Хамас тобунун кол салуусуна бөгөт койбосо, палестин аймактарында ири масштабдуу аскердик операция жүргүзүүгө кесенген.