Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

САУДИЯНЫН БАШМУФТИЙИ МУСУЛМАН СОГУШЧАНДАРЫН БЕЙКҮНӨӨ АДАМДАРГА ЗОБУН КЕЛТИРҮҮДӨ ДЕП СЫНДАДЫ


Амирбек Усманов, Прага. Сауд Арабиянын Башмуфтийи Шейх Абдул Азиз аш-Шейх “шайтан азгырып жолдон чыккан” жана “ал-Каида” менен байланыштагы мусулман согушчандар исламга чоң зыян келтирип жатканын билдирди. Аш-Шейх бул сөздөрдү шаршемби күнү Арафат тоосуна тооп кылганы келген 2 миллиондон ашуун зыяратчыларга жасаган кайрылуусунда айтты. Айрым байкоочулар Башмуфтийдин сөзүн терроризмге каршы жасалган маанилүү чакырык катары баалап, бирок анын ислам согушчандарына таасир этери күмөндүү дешет.

“Шайтан азгырган кээ бир уулдарыбыздан Ислам элдери өзгөчө көп азап чегүүдө. Алар бүтүндөй бир улутту каапыр деп атап, кан төгүү саясатын жүргүзүүдө; алар жардырып-кыйратып, бейкүнөө адамдардын канын төгүп, жер бетине жамандыкты жайылытышууда”,- деди Сауд Арабиянын Башмуфтийи. Шейх Абдул Азиз аш-Шейх андан соң жаш зыяратчыга: “Сиз Кудайга кантип жолугасыз? Күнөөсүз пенденин канын төгүппү же зобун ишке көмөктөшүппү?”- деп кайрылды.
Башмуфтийдин кайрылууну 70тен ашуун өлкөдөн келген зыяратчылар зыяпатка чогулган жайда жасаганы анын сөзүн өзгөчө баалуу кылат.

Аш-Шейх сөзү, Саудиянын англис тилинде чыкчу "Arab News" басылмасынын редактору Файсал Алинин айтышынча, ислам тынчтыктын жана сабырдуулуктун дини экенин жалпы дүйнөнүн эсине салды:

–Башмуфтийдин насаат сөзү экстремисттик идеологияга, “ал-Каида” жана “Анзар Ислам” сыяктуу Исламды согушчул дин катары ташбыйкаттап, жайылткан уюмдага жетеленип алданган жаштарга кайрылып айтылды. Ислам согушту даңазалаган дин эмес... Башмуфтийдин кайрылуусу Ислам зобун-зордукка эмес, тынчтыкка чакырган дин экенин дүйнөнүн эсине салууну көздөдү.

Акыркы жылдары “ал-Каида” менен байланыштагы согушчандар Сауд Арабиясында баш көтөрүп, 2003-жылдын май айынан бери 100дөн ашуун адамдын өмүрүнө зобун кылышты. Андан улам, зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн падышалык бийлик быйыл этияттык чараларын астейдил көрдү.
Ошондуктан, британиялык талдоочу, доктор Мэй Ямани айым Башмуфтий аш-Шейхтин сөзү саудилер тукумунун бийлигин бошоңдотууну көздөгөн жергиликтүү согушчуларга багытталды деп эсептейт:

-Ал баарынан мурда Сауд Арабиянын букраларына кайрылды жана саудилердин режимин коргоп сүйлөдү. Бул анын иши. Ал бийликте калууну көздөп жана саудилер үй-бүлөсү аны коргоого алат деген максат менен сүйлөдү.Албетте, эшиктеш өлкөлөрдө калаба чыкса, Саудия падышалыгы үчүн өтө жаман болот. Себеби, чек ара электей тешик болгондуктан, саудиялыктар Иракка барып-келип, курал да агылып турат. Деген менен, аш-Шейх, айтпаса да, мусулмандар жана мусулман өлкөлөрүндөгү зобундардын зыяны жөнүндө сүйлөгөнү талашсыз. Ошондо да, ал эң оболу Саудиядагы бийликтин коопсуздугун ойлоду.

Доктор Ямани айым Башмуфтийинин сөзү зобун-зордукту жек көргөн ар бир инсандын жүрөгүнөн орун табат деп ишенет:

-Кайрылуу сөзү калаба-чатакты жана террорчулукту каалабаган ар бир адамга таасир этет. Ошол жерде токтойт.

Ал эми "Arab News" басылмасынын редактору Файсал Алинин айтымында, зияратчылар Башмуфтийдин сөзү Батыш дүйнөсүнө ислам жөнүндөгү айрым натуура түшүнүктөрдөн кутулууга көмөктөшөт деген үмүттү жараткан:

-Кайрылуунун бардык мусулмандар ыйык эсептеген ажылык күнү жасалганы өзгөчө баалуу жана көптөгөн адамдардын эсинде калат. Ажы зыяпаттарды аткарчу күнү Арафат тоосуна зияратка келген миллиондогон адамдарга кайрылуу катуу таасир этти. Мен сүйлөшкөн көптөгөн адамдардын баары тең Башмуфтийдин мазмунду сөзү согушчулардын кээ бир иштеринен улам Батышта ислам жөнүндө пайда болгон айрым жаман пикирлерден арылууга жардамдашат деген ишеничтерин айтышты.
XS
SM
MD
LG