Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу токтотулду


БИШКЕК. 22-январда кечки саат 6да өлкөдөгү округдук шайлоо комиссиялары парламенттик шайлоого депутаттыкка талапкерлердин арыздарын кабыл алууну токтотту.

Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган соңку маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары катышуу арызы Кыргызстандын 464 атуулу тарабынан берилди. Алардын ичинде 3 облус губернаторлору, Жогорку Кеңешке мурдагы шайлоодо депутат болгон 75 адам, көптөгөн ишкерлер бар. Арыз бергендердин ичинен азырынча 310 талапкер катталды.

22-январда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, анда №1 Университет округдук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилүү журналист, «Общественный рейтинг» гезитинин башкы редактору Болотбек Мариповдун парламенттик шайлоого талапкер катары катышуу маселеси каралды. Борбордук шайлоо комиссиясы Мариповдун арызы кабыл алынсын деген чечимин чыгарды. Буга чейин аталган округдук шайлоо комиссиясы Болотбек Мариповдун паспорту 2003-жылы 7 ай каттоодо турган эмес деген себеп менен документтерин кабыл алуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG