Колонияда кызмат өтөп жаткан казак оппозициялык саясатчысы Галымжан Жакияновдун жубайы Карлыгаш билдиргенге караганда, Жакиянов ал жерде эки күнгө абакка отургузулду. Бийликтин айтымында, кесилген саясатчы ал жердеги айыл-чарба фермасындагы милдеттүү жумушка келгени тууралуу отчет бербей калган. Оппозициядагы "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген партияны жетектеген Жакиянов 2002-жылы коррупциядан күнөөлөнүп соттолгон жана былтыр колонияга чыгарылган.