Ирактын коргоо министри Хазим Шааландын айтымында, белгилүү саясатчы Ахмад Чалаби жакын арада камакка алынышы мүмкүн. Чалаби мурда министри күнөөлөп, ал 500 миллион доллар каражатты ысыраптап жиберген деп билдирген. Өлкөнүн ички иштер министри Фалла ал-Накиб бүгүн билдиргенге караганда болсо, 30-январда өлкөдө шайлоо өткөрүлгөнү менен байланыштуу, Багдаддын эл аралык аэропорту 29 -30 январда жабык болот.