Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Пикет уланууда


БИШКЕК. 23-январда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында мурдагы элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловду коргоо комитетинин мүчөлөрү нааразылык акциясын улантышты. 30га чукул адам «Президент, элчилердин тагдыры сиздин колуңузда», «Элчилер шайлоого катышсын» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Округдук шайлоо комиссиялары мурунку элчилер Медеткан Шеримкулов, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган эмес деп, «Шайлоо кодексинин» 69-беренесине ылайык аларды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG