Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:21

Ирак бийликтери шайлоону тынч өткөрүүнүн камын көрүүдө


Ирак өкмөтү келерки жекшемби күнү өтчү жалпы элдик шайлоонун коопсуздугун камсыздоо максатында өлкөнүн чек аралары жапмак болду.
Убактылуу ички иштер министр Фала ан-Накибдин маалымдашынча: келерки ишембиден тартып Багдаддын эл аралык аэропорту үч күнгө жабылат; түнкүсүн коменданттык саат киргизилет; дубандар ортолук унаа каттамдары токтотулат; жарандардын каруу жаракчан жүрүүсүнө тыйуу салынат; 30-январь күнү автожанкечтиликти болтурбоо үчүн көчөлөрдө автоунаалар жүргүзүлбөйт.

Улуттар Уюмунун Иракта шайлоо өткөрүү боюнча башөкүлү Карлос Валензуеланын билдиришинче:


–Шайлоо үчүн жагдай жакшы деп айтып болбойт. Бирок коопсуздук үчүн көрүлгөн иш чаралар шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө, добуш берүүнүн жыйынтыгы ишенимдүү жана мыйзамдуу болот деп үмүттөнүүбүзгө толук негиз берет.

Убактылуу премьер-министр Аяд Аллави 30-январда өтчү шайлоо Иракта тынчтык орнотууну тездетет деген үмүтүн билдирип, АКШлык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсү жөнүндө сөз кылганга али эрте деди.

XS
SM
MD
LG