БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаевдин Орусияга болгон иш сапары уланууда. 23-январь күнү кечинде ал Орусия президенти Владимир Путин менен жекеме-жеке жолугушту. 24-январда кыргыз президенти Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин 250 жылдык мааракесине катышты. Орусиялык «Коммерсант» гезитинин жазганына караганда, Аскар Акаев Орусияга келээрки парламенттик, президенттик шайлоо тууралуу Владимир Путин менен кеңешүү үчүн барды. Мындай маалыматты ушул эле күнү президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев четке кагып, Аскар Акаев Орусияга эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүү үчүн барды деген оюн билдирди. Мамлекет башчынын жумушчу сапары 25-январда соңуна чыгат