Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Айрым депутаттар элчилердин шайлоого катышуусуна каршы болушууда


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны 24-январдагы отурумунда аталган палатанын 20-январдагы отурумунун мыйзамдуу өткөрүлгөндүгүн териштирүүнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын этика, регламент комитетине тапшыруу тууралуу токтом кабыл алды. Мындай токтомдун кабыл алууга депутаттар Асел Мамбеталиева менен Бөрүбай Жураевдин палатанын бул күнкү жыйыны мыйзам бузуу менен өткөрүлдү деп кайрылуусу себеп болду. Эске сала кетүүчү нерсе, палатанын 20-январдагы отурумунда Шайлоо кодексине Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин келээрки парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган. Аталган мыйзам долбооруна мамлекет башчы кол койсо күчүнө кирет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG