Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Кыргыз оппозиция жетекчисин Орусиянын жогорку бийлик өкүлү кабыл алды


БИШКЕК. Курамына тогуз саясий партия кирген Кыргызстан элдик кыймылы саясий бирикмесинин жетекчиси, келээрки президенттик шайлоого талапкердиги көрсөтүлгөн Курманбек Бакиев өткөн аптада Орусияда иш сапары менен болуп, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов менен жолугушуп келди. Бул тууралуу Орусиянын «Коммерсант» гезити жазып чыкты. Мындай маалыматтын чын экендигин 24-январда Курманбек Бакиев «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде тастыктады. Ошондой эле Бакиев өз сөзүндө Орусияга Азия жана Африка элдеринин достугу жана кызматташтыгы үчүн деп аталган коомдук бирикменин чакыруусу менен тегерек стол жыйынына катышуу үчүн баргандыгын жана ал жыйындан соң Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов менен жолугушкандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG