Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Болжурова, Тургуналиев жана Отунбаева сот жообуна тартылышууда


БИШКЕК. Бишкек шаарындагы 1-май райондук соту Кыргызстан элдик кыймылынынын төрага орун басары Ишенгүл Болжуровага байланышкан административдик ишти карай баштады. Бул иш административдик кодекстин 247-, 371- жана 392-беренелерине ылайык козголгон. Башкача айтканда, жолдо жүрүү эрежесин бузду, милиция кызматкерлерине баш ийген жок жана уруксат берилбеген митингге чыкты деген айып тагылууда. Ишти 1-май райондук милициясы 29-январда Бишкекте өткөн нааразылык акциясына байланыштуу ачкан жана аны 20га жакын милиция кызматкеринин арызы менен негиздеген. Ушул эле беренелердин негизинде административдик иш Кыргызстан элдик кыймылынынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге, «Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаевага да ачылган. Бул эки саясатчыга байланышкан сот шейшемби күнү болору болжолдонууда. Болжурованын ишин сот шаршембиде уламай болду.

Саясатчылар соттук бул териштирүүлөрдү ырасмий бийликтин саясий заказы катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG