Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Нарындын убактылуу кармоо жайындагы атуулдар ысык тамаксыз


НАРЫН. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Зуура Үмөталиева менен Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайларында болдук. Төрт камеранын бирөөсү аялдардыкы, ал эми калган үч камерада он жети адам убактылуу кармалууда. Арасында чоңдор менен бир камерада он жети жашаар бала отурат. Алардын айтымында, жыл башынан бери ысык тамак ичише элек, ооруп жаткандарына карабай догдурлар келишпейт, араларында 1997-жылдан бери кургак учук менен ооруган бир адам бар. Ал киши жаткан бир камерасы суук, үстүнөн тамчы тамат. Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу М. Жумаевдин айтымында, жыл башы болгондуктан бюджеттен акча которулбай, ысык тамак менен камсыз болбой жатышат. Бирок, ар бир адамга бирден бүтүн нан жана ысык чай берилүүдө.

XS
SM
MD
LG