Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Орус тышкы иштер министри Сирия менен байланыштуу АКШ саясатын сынга алды.


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн атайын билдирүү жасап, Сирияны сындаган АКШны сынга алды. Лавровдун айтымында, ансыз деле татаал абал түзүлгөн Жакынкы Чыгышта Сирия менен байланышкан маселелер Москва өтө тынчсыздандырат жана Сирияга каршы айтылган сын далилдүү болууга тийиш. Сирия президенти Башар Ассад Москвага кечээ күнү келди жана бүгүн президент Владимир Путин менен жолукту. Сирия Орусиядан колдон ракета атуучу системаларды сатып алат деген кабарлар бар жана Ассад бүгүн Ломоносов атындагы университетке келгенде, андай системалар Израилге каршы багытталбайт деп билдирди.

Тажикстанга чет өлкөлүк байкоочулар келүүдө. Күнкөрсуз мамлекеттер шериктештигинин аткаруучу катчысы Владимир Рушайло бүгүн Дүйшөмбү шаарында - 27 февралга белгиленген парламенттик шайлоого көзөмөл сала турган Шериктештиктин байкоочулар кеңсесин ачты. Анын 20 кызматкери шайлоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзөт. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму дагы Тажикстанга 20 байкоочу жиберген жана шайлоо алдында дагы 150 адам келүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG