Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Талибдер Ооганстанда буктурма уюштуруп, бир нече полициячыны өлтүрдү.


Ооганстандын Горак аймагынын башчысы Иза Жан бүгүн билдиргенге караганда, кечээ күнү аймактын полиция башчысы Азим Жан сакчылары менен Кандагардан Горакты көздөй келатканда, белгисиз куралчандардын буктурмасына туш болуп эки полициячы окко учуп, Азим Жан өзү жараат алган. Талибан кыймылынын өкүлү Абдул Латиф Хакиминин айтымында болсо, буктурманы талибдер уюштурган жана алар алты полициячыны өлтүргөн. Акыркы бир аптанын ичинде бул аймакта болгон үчүнчү кагылышуу.

XS
SM
MD
LG