Пакистандын жетекчилик чөйрөсүнөн бүгүн чыккан маалыматка караганда, "Ал-Каида" уюмунун өткөн жылы Пакистанда кармалган жетекчилеринин бири АКШга өткөрүлүп берилген. Ахмед Халфан Гайлани деген адам - Танзания менен Кениядагы америкалык элчиликтердин жанында 1998-жылы уюштурулган террор аракеттери үчүн изделип келген жана былтыр июлда Пакистандын Нужрат шаарында кармалган жана ошол кезде эле АКШга жөнөтүлгөн.