Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Талапкерлер чучукулак кармашты


ТАЛАС. № 56 Карабуура шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп алты адам каттоодон өткөндүгүн айта кетели. Алар 26-январь күнү облустагы массалык маалымдоо каражаттарынан акысыз пайдалануу боюнча чучукулак кармашты. Анын жыйынтыгы боюнча алты талапкер округдук комиссияга наарызычылык билдиришти. Анткени облустук телевидениенин жумасына эки жолку көрсөтүүлөрү эфирге чыгып жаткан мезгилде, Карабуура районунун айыл- кыштактарында электр энергиясы көпчүлүк учурда өчүрүлөрүн талапкерлер эл кыдырып, өздөрү ынанышкандыгын айтышты. Талапкерлер ушул маселе чечилмейинче облустук телевидениеден акысыз берилген эфир убактыларын пайдаланбай жана теледебаттарга катышпай тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG