Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Нарын облусунун губернатору бийлик өкүлдөрүн биримдикке чакырды


НАРЫН. Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында активдер менен жолугушууда губернатор Шамшыбек Медетбеков өз сөзүндө Нарын облусунун негизги иш планы катары үч багытты белгиледи. Алар: облус мекеме ишканаларын компьютерлештирүү жана интернет байланышы менен камсыз кылуу; облустук мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын ишин жакшыртуу жана ага жазылууну күчөтүү. Анын себебин губернатор Бишкектин сары басылмалаларын айылдыктар көп талкуулашат экен деп түшүндүрдү. Медетбеков ошондой эле облуста ушунча кен байлык туруп, калктын 67, 7 пайызы жакыр жашашы бул туура эмес деген пикирин билдирди. Ал эми үчүнчу багыт катары губернатор кайра иштетүү тармагындагы кичи заводдорду куруунун зарылдыгын белгиледи. Медетбеков алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө да токтолуп, Украинадагы баркыт революциясы бийликтегилердин эки ажырымына байланыштуу болгон деген пикирин айтты. Андыктан, бийликтегилерди бир болууга чакырды. Губернатордун Нарын активдери менен жолугушуусу президент Аскар Акаевдин 28-январдагы Нарын облусуна болуучу иш сапарынын алдындагы алгачкы жолугушуусу болду.

XS
SM
MD
LG