Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Ысыккөл облусунун губернатору кызматтык автоунаалар максатсыз пайдаланууга тыйуу салды


КАРАКОЛ.Ысыккөл облусунун губернаторунун буйругу менен кызматтык автоунааларда максатсыз пайдаланууга бөгөт коюла баштады. Бул буйрукка ылайык эми райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаар мэрлери ошондой эле облус жана райондук мекеме уюмдарынын жетекчилери автоунаа каражаттарын кызматтык максаттарга жана жумуш маалында гана пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүлөрү керек. Атап айтканда, мындан ары мурдагыдай майрам, дем алыш күндөрүндө жана жумуштан кийинки убактарда кызматтык автоунааларды каалагандай пайдаланууга катуу тыюуу салынат. Облус губернаторунун бул буйругун кээ бир жетекчилер алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырса, айрымдары кызматтык автоунааларын өз менчигиндей пайдалангандар үчүн керектүү талап болду деген пикирде.

XS
SM
MD
LG