Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Медеткан Шеримкулов Конституциялык сотко арызын жолдоду


БИШКЕК. 26-январда Кыргызстандын Туркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу Шеримкулов ушул эле күнү «Азаттык» радиосуна билдирди. Экс-элчи буга чейин парламентке талапкер катары катышуу укугунун бузулушуна байланыштуу Жогорку Сотко да кайрылган. Жогорку сот Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук сотунун Медеткан Шеримкулов акыркы беш жыл ичи Кыргызстанда туруктуу жашабагандыгына байланыштуу Жогорку Кеңешке талапкер катары катыша албайт деген чечимин күчүндө калтырган. Чүй облусундагы Шопоков шайлоо округдук комиссиясы Медеткан Шеримкуловду Шайлоо Кодексинин 69-беренсине ылайык, депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш таркан. Конституциялык сотко ушундай эле арыздары менен Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева жана Мамбетжунус Абылов да кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG