Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Каракулжа районунда нааразылык акция өттү


БИШКЕК. 26-январда Ош облусуна караштуу Каракулжа районунда мамлекеттик администрациянын имараттын алдында нааразылык акция болду. «Азаттык» радиосуна телефон аркылуу чыккан акциянын катышуучуларынын маалыматы боюнча, пикетчилер депутаттыкка талапкерлерге бирдей шарттар түзүлсүн, парламенттик шайлоо адилет, ачык өтсүн, участкалык Шайлоо комиссиялары мыйзам чегинде түзүлсүн деген талаптарды коюшту жана ага 300гө жакын адам катышты. Ал эми Каракулжанын тургуну Идрисов Искендер жана башкалар бул күнкү пикет айрым депутаттыкка талапкерлер тарабынан атайын уюштурулган нааразылык акция болду жана ага 50-60ка жакын адам катышты деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG