БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 5 жыл аралыгында 596 пленардык жыйын өткөрүп, 1018 мыйзам долбоорун карап, 854 мыйзам кабыл алды. Комитеттер менен комиссиялардын 1033 отуруму болду. Бул тууралуу аталган жыйындын төрагасы Абдыганы Эркебаев 26-январда палатанын жыйынтыктоо маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле төрага өзүнүн кирешелери тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 1-класстагы кеңешчи жана илимий даражасы үчүн айына 5 миң 700 сом кошулуп, айына 22 миң 800 сом айлык алат. Салык төлөмдөрүнөн кийин 17 миң сом колуна тийет. Жылдык кирешеси 363 миң 757 сомду түзөт. Анын 90 миң сому салык төлөмдөрүнө кармалат. Өмүрлүк жолдошу “Кыргызөнөржай жана курулуш банкынын” кызматкери. Айлыгы 5 миң сом. Ал эми бир уулу Тышкы иштер министрлигинде иштеп 2 миң сом айлык алат. Ошондой эле Эркебаев, эч кандай баалуу кагаздар жана акциясы, жеке банк эсеби жоктугун билдирди. Жеке менчик соода дүкөнү, ишканасы жок экендигин маалымдады.