Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Алматыда Улуттар уюмунун антитеррордук комитетинин кеңешмеси өтүп жатат


АЛМАТЫ. Казакстандын Алматы шаарында Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин антитеррордук комитетинин кеңешмеси өтүп жатат. 70тен ашуун уюмдун өкүлдөрү катышып жаткан жыйында терроризмге каршы күрөшүү чараларын координациялоо, курал сатууга жана арам акчаны адалдоого бөгөт койуу маселелери талкууланып жатат. Россиянын Улуттар уюмундагы өкүлү Андрей Денисов антитеррордук комитеттин максаты жөнүндө буларды айтты:

Биз өлкөлөрдүн террорго каршы күрөшүү боюнча муктаждыгын иликтеп чыгып, андан соң бул суроо-талаптарды донор мамлекеттерге жолдойбуз. Донорлор өлкөлөрдүн суроо- талаптарын анализдеп чыгып, чек араларды күзөтүү жана бажы кызматынын ишин жөнгө салууга чейинки көптөгөн иш-чараларды каржылай турган корлорду түзүшөт,- деди Денисов.

XS
SM
MD
LG