Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Ооганстандын президенти Хамид Карзай иш визит менен Тегеранга келди


ТЕГЕРАН. Ооганстандын жана Ирандын президенттери Хамид Карзай менен Мухамад Хатами Догаран -Херат кара жолун ачууга макулдашышты. Эки өлкөнү бириктирген жолдун ачылышы орток соода менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө огожо болмокчу. Эртең эки президент Тегерандан Догаран шаарына жол тартышат. Бүгүнкү сүйлөшүү учурунда президент Хатами ошондой эле Иран 22 жылга созулган ички согуштан жабыркаган кошуна өлкөгө жардам берүүнү уланта турганын бышыктады.

Биз Ооганстандагы коопсуздук менен прогрессти Ирандын коопсуздугу менен өнүгүүсү сыңары эле маанилүү маселе деп эсептейбиз. Алланын жардамы менен Ооганстан стабилдүүлүккө, коопсуздукка, өлкөнү калыбына келтирүүгө карай кадам жасады. Бүгүн туруктуу өкмөттүн түзүлүшү менен, Кудайдын амири менен бул жараян ыкчамдоодо ,- деди Мухамад Хатами.
Эки өлкөнүн ортосунда азыр төрт чек ара өткөөлү бар, бирок бажы кызматы Догаранда гана иштейт. Иранга эки күндүк визит менен келген Хамид Карзай ошондой эле өлкөнүн Жогорку Кеңешинин лидери аятолла Али Хаменейи менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG