Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Европа Комиссиясы Ирактагы шайлоого байкоочуларын жибербей турганын билдирди


БРЮССЕЛЬ. Еврокомиссия Ирактагы шайлоого байкоочуларын жибербей турганын билдирди. Уюмдун өкүлү Эмма Удвин буга өлкөдө коопсуздуктун камсыз кылынбаганы себеп болгонун баса белгиледи.
Биз Ирактагы шайлоого байкоо жүргүзө албайбыз. Буга коопсуздуктун камсыз кылынбаганы себеп болуп отурганын жакшы түшүнүп турасыздар го дейм. Бул шайлоого эл аралык уюмдардан эч ким байкоо жүргүзбөйт,- деди Удвин.

Ошону менен катар эле өкүл Еврошаркет шайлоого колдоо көрсөтөрүн бышыктады. Еврошаркет Иракка 31 миллион евро сарптады, анын 30 миллионго жакыны Иракты калыбына келтирүү кору тарабынан өздөштүрүлдү. Улуттар уюмунун Ирактагы операцияларына көмөк көрсөтүү үчүн Еврошаркет Иракка эксперттердин чакан тобун жөнөтүп, шайлоону өткөрүү үчүн 150 кишини окутууга жардамдашты.

XS
SM
MD
LG