Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

ЭЧТЕКЕГЕ ЖЕТПЕГЕН ПЕНСИЯ, ИПОТЕКА, ОЦВЕНЦИМ КАРГАШАСЫ.


Мээрим Султангазы, Бишкек. Азыркы тапта өлкөдө пенсионерлердин ахыбалы оор. Мамлекет аларга кандай мамиле жасоодо? Бул тууралуу макала 26-январда чыккан «МСН» гезитинде орун алды. Учурда кыргызстандыктар үчүн турак-жай сатып алуу маселеси курч турат. Кыймылсыз мүлктүн кымбаттап кетишине эмне себеп? Бул маселе тууралуу пикирин «Заман Кыргызстан» гезитинин журналисти ой- бөлүшөт. Ал эми 27-январь Освенцим концлагерин бошотуу күнүнө карата макала «Общественный рейтинг» гезитинде жарыяланды.

«Биз, өлкө базар экномикасына өткөндөн баштап эле алданып келе жатабыз. Мамлекеттин башында тургандар бизге жакшы турмуш убада кылды эле. 14 жыл өтсө да, эч нерсе өзгөргөн жок, ал эми бийлик өз убадасын берүүдөн чарчаган жок, пенсионерлер эртеңки күнгө ишенимин такыр эле жоготуп койду», деп 26-январда чыккан «МСН» гезитинде «Жаман жашайбыз. Бирок узакка эмес…» деген макала жарык көрдү. Анда макаланын автору пенсионер Григорий Желудов өз тагдырлаштарынын көйгөйлөрү жана бийликтин аларга карата жасаган мамилеси тууралуу пикрин жарыялаган.
Макалада кары картаңдардын пенсиясы күнүмдүк турмушуна да жетишпестиги, 2004 –жыл Акыйкат башкаруу жана социалык мобилизация деп белгиленгени менен эч кандай жыйынтыка алып келбегендиги тууралуу айтылат.

26-январда жарыка чыккан «Аргументы и факты Кыргызстан» гезитинде Кыргызстандын экс-премьер министри Курманбек Бакиев менен маек орун алды. Анда ал, эгерде Кыргызстанда шайлоолор адилет өтсө, анда эч кандай революциянын болушуна негиз жок деген оюн жарыя кылган. Мамлекет башчы Аскар Акаевдин өлкөдө ээлеген ролу кандай деген суроого , Аскар Акаевдин өлкө үчүн жасаган иши зор. Ал эми кемчилиги экономикага байланыштуу проблемаларга таандык деп эсептейт экс-премьер.

Ал эми «Заман Кыргызстан» гезити өзүнүн 28-январда чыга турган санында бир нече экономикалык, саясий, социалдык өңүттөгү макалаларга орун берген. Алардын бири Бурул Бобуеванын «Ипотекалык кредитөөнүн тегерегинде »деп аталып, анда турак-жай маселеси жана учурда Кыргызстандагы ипотекалык кредиттөө системасы туурасында сөз жүрөт. Кыргызстанда үч ири банк түзүлгөнүнө карабай алигиче ипотекалык кредит берүү жолго коюла элек. Банктар шаардын борборундагы бардык шарты бар үйлөрдү кредиттегенге аракет кылышат. Бирок, жер үйлөргө сейрек беришет. Жооп жөнөкөй. Эгерде кардар убагында кредитти төлөй албай калса үйдү сатып жиберүү оңой болуу керек. Бир да банк ипотеканы 100% кредиттөөнү мойнуна алалек. Көбү үйдүн 40-50%ин гана каржылашат» деп жазат автор.

Ошондой эле автор айыл чарбасы жаатындагы көйгөйлүү маселелердин олуттуусун көтөргөн. «Кыргызстан негизинен Орусия, Казакстан, Өзбекстандан жер семирткичтерди сатып алат. Жолго акыга кеткен чыгымдар менен бизге жеткиче баасы көтөрүлүп, аларды бардык эле дыйкандар сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпейт » деп жазылат.
Басылманын ушул эле санында Канымгүл Элкееванын өлкөдөгү өлүм жазасы туурасындагы маалыматына орун берилди. Анда, ушул тапта өлүм жазасына тартылгандар ара жолдо калганы, ушул убакка чейин суроо туудуруп келген бул маселе жакында оң чечиле тургандыгы тууралуу жазылат.

Бүгүн 27- январда жарыка чыккан «Общественный рейтинг» басылмасында паспорт маселесинин тегерегинде болуп жаткан пикир келишпестиктер тууралуу материал орун алды.
27-январь Освенцим концлагерин бошотуу күнү деп белгиленип келет. Ушул каргашалуу тарыхый окуяга байланыштуу журналист Болот Жунусовдун «Унутпагыла, Освенцим!» аттуу макаласы орун алган. Анда экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттердин туткундарга карата жасалган тукум куртучулук мамиле жөнүндө маалымат берилет.
XS
SM
MD
LG