БИШКЕК. 27-январда Кыргыз өкмөтү кезектеги отурумун өткөрүп, анда өлкөнүн 2004-жылдагы социалдык-экономикалык абалы талкууланды. Премьер- министр Николай Танаев жетектеген бул отурумда мындан тышкары калкты жумуш менен камсыздоо боюнча улуттук саясат, жазгы талаачылык иштерине камылгалар талкууланды. Отурумда белгиленгенге караганда, 2004-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 7,1%, инфляция 2,8% түзгөн.