БИШКЕК. 2004-жылы чыккан жаңы үлгүдөгү паспорт февраль айынан тарта өтө муктаж адамдарга бериле баштайт. Алардын катарына 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту пайдалануу мөөнөтү бүткөндөр, паспортун жоготкондор, паспорт алуу курагы келгендер кирет жана алардын болжолдуу саны 300-400 миңге жетет. Жаңы паспорт Кыргызстандын ичинде жүрүүгө жарактуу карточка түрүндө жана жалпы паспорт түрүндө берилип, анын наркы 160 сом турат. Бул иш чараларды кыргыз өкмөтүнүн токтомунун негизинде маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү мындай токтомду 26-январда чыгарды. Буга чейин Парламент жаңы паспортко байланыштуу токтом чыгарып, документке байланышкан маселени кайра кароону өкмөткө тапшырган.