Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Карзай менен Хатами жаңы чек ара жолун ачышты


Ирандын президенти Мохаммед Хаттами жана коноктоп келген ооган президенти Хамид Карзай ачкан 122 чакырымдык жол Ирандын чек арадагы Догхарун шаарын оогандык Херат менен байланыштырат.

Кечээ Карзай Ооганстандагы апийим өндүрүшүн жок кылууга Иран жардамын улантат деген ишенимин билдирди:

- Иран бул жааттагы кызматташттыгын уланта берет деп үмүттөнөбүз. Биргелешип биз Ооганстанда жана жалпы эле аймакта маңзаттарынын өндүрүшүн токтото алабыз.

Карзай бүгүн Ирандын жол башчысы Аятолла али Хаменейи менен жолугушууда.

XS
SM
MD
LG