Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Иракта чабуулдар күч алууда


Самаррада дүрмөттөлгөн машина жарылганда, бир ирактык аскер жана эки карапайым киши каза тапты. Самаррада жана Рамадиде согушчандар менен кагылыштарда алты кишинин окко учканы кабарланууда.

Багдаддын түштүгүндө ирактык аскер кербенинин алдында бомба жарылганда беш киши күм-жам болуп, 15и жарадар алды. Согушчандар ошондой эле Бакуба шаарында машина жардырып, ичинде отурган киши менен кошо бир полициячы мүрт кетти. Тогуз киши жарадар. Бул шаарда өткөн түнү кечээ алган жараатынан бир америкалык аскер көз жумду. Эртең менен Багдадда жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырганда австралиялык алты аскер жаракат алды.

XS
SM
MD
LG