Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Президент калп айттыбы?


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Россиянын «Независимая газета» гезитине 28-январда жарыяланган маегинде бир нече жолу калп айткан. Маселен, ал Кыргызстанда «Акаев кетсин» деген чакырык жок, деп билдирген. Бирок Бишкекте өтүп жаткан ар бир митинг, жүрүштө «Акаев кетсин» деген ураан негизги болууда, деп билдирди 28-январда «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов. Анын айтымында, президент менин рейтингим жогору, кызматтан кетишимди көпчүлүк калк колдобойт, деген билдирүүсү менен бийликте дагы эле кала берүү ниетин таңуулоодо. Акаевдин андай ниети болгон менен бийликте калууга Конституциялык укугу жок, деп белгиледи Эдил Байсалов. Президенттин рейтингин жогору көрсөткөн сурамжылоолорду эч кандай оппозиция өткөргөн эмес. Президенттин бул сөзү да чындыкка төп келбейт, дейт Байсалов. Президент орус гезитине берген маегинде Кыргызстанда жибек ыңкылабы болушу ыктымалдыгын. Буга өлкөдөгү жеткилең эмес болсо да демократиянын бардыгы шарт түзүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG