БИШКЕК. 28-январда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эсенжан Абылкасымов Кыргызстандын мурдагы элчиси Роза Отунбаевага 1000 сом өлчөмүндө айып пул салды. Экс-элчиге Административдик Кодекстин 247, 371 жана 392-беренелери боюнча иш козголуп, 19-январда Бишкекте болгон уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүшкө чыгып, жолдо жүрүү эрежесин бузган, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей койгон, атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деген айыптар коюлган. Бирок, Роза Отунбаева мындай айыптар негизсиз экендигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арызы менен кайралаарын маалымдады. Бул күнү Биринчи май райондук сотунда Кыргызстан Элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге карата ачылган административдик иш боюнча соттук териштирүү да улантылды. Сот жараянында күбөлөр суралууда. Тургуналиевге да Административдик Кодекстин 247, 371 жана 392-беренелери боюнча иш козголгон.