Ооганстандын президенти Хамид Карзай бүгүн билдиргенге караганда, парламенттик шайлоо өлкөдө канчалык ылдам өткөрүлсө, ошончолук жакшы болот. Шайлоонун так мөөнөтү дайындала элек, тогуз адамдан турган шайлоо комиссиясы аны Бириккен Улуттардын адистери менен биргеликте даярдап жатат. Мурда жарыяланган билдирүүлөрдө шайлоо апрелде өткөрүлүшү мүмкүн деп айтылган, бирок өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Абдулла кечээ күнү Давос шаарындагы дүйнөлүк экономикалык форумда чыгып сүйлөгөндө, шайлоо дагы бир-эки айга кийинкиге калтырылышы мүмкүн деп билдирген.