БИШКЕК. 31-январда Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Лора Кеннеди келет. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, аны менен бирге АКШнын Борбор Азия мамлекеттериндеги элчилери да келишет. Алар менен президент Аскар Акаев жолугушуп, Кыргызстан менен Американын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалы талкууга алынат. Андан тышкары эки мамлекеттин алакасынын мындан аркы багыттары жөнүндө пикир алышуу болот.