Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Кыргызстандан сырткары шайлоо участоктору болбойт


БИШКЕК. 29-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 2005-жылдын 18-январындагы №3 1892-II токтомун ишке ашыруу маселеси каралды. Токтомго ылайык Кыргызстандын аймагынан сырткары жерлерде жүргөн атуулдар үчүн шайлоо участоктору түзүлбөйт. Стационардык дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан адамдардын саны 100 адамдан ашса, ал жерде шайлоо участогу уюштурулат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришти.
29-январдагы маалымат боюнча парламентке депутаттыкка талапкер 415 адам каттоодон өттү. Ал эми талапкерликке көрсөтүлгөндөрдүн саны 469 болду.

XS
SM
MD
LG