Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

«Кербез» аттуу музыкалык көркөм журнал кайрадан чыга баштады


БИШКЕК. 1995-жылдын май айынан алгач «Кербез» деген ат менен музыкалык гезит, 1976-жылдан көп түстүү сүрөттөр менен көркөмдөлүп чыгып келген «Кербез» аттуу музыкалык журнал соңку кезде каражаттын тартыштыгынан чыкпай калган эле. Көптөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн суроолору боюнча «Кербез» музыкалык көркөм журналынын биринчи саны жарыкка чыкты. Журналдын жаңы санына республикадагы музыкалык жаңылыктар, композиторлор К. Молдобасановдун, Н. Давлесовдун, К. Эралиеванын, Сталбек Бактыгуловдун чыгармачылыктарына арналган макалалар, жаңы ноталуу ырлар, эстрада ырчыларынын сүрөттөрү ж.б. кызыктуу материалдар жарыяланган.

XS
SM
MD
LG