Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Ош шаарында Тажикстандын атуулу ири өлчөмдөгү маң заты менен кармалды


ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевден 30-январда алынган маалыматка караганда, Ош шаарындагы Бадахшан автобазасынан Тажикстандын атуулу (1973-жылы туулган) Нуркаман Назарадинов кармалды. Оперативдүү иликтөө иштердин жүрүшүндө ага таандык «ЗИЛ» автоунаасынын атайын жасалган жашыруун жайынан 4 кг героин маң заты табылган. Табылган маң затын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү учурунда анын ооган өндүрүшүнө таандык экендиги аныкталды. Ош-Хорог жолунда айдоочулук менен алектенген тажик атуулу Нуркаман Назарадиновдун тергөөдө берген көрсөтмөсүнө караганда, ал аталган маң затын сатуу үчүн Ош шаарына алып келген. Учурда Нуркаман Назарадиновдун үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси боюнча кылмыш иши козголууда.

XS
SM
MD
LG