Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

ОПЕК мунай өндүрүштүн көлөмүн мурдагы өлчөмүндө калтырат


Мунай экспорттогон өлкөлөрдүн ОПЕК уюму өндүрүштүн көлөмүн азыркы деңгээлде, күнүнө 27 миллион баррель өлчөмүндө калтырууну кечээ Венада болгон жыйынында чечти. Уюмдун эксперттеринин эсебинде, мунайдын бир баррелинин баасын азыр мындан беш жыл илгери белгиленгендей, 22-28 доллардын аралыгына түшүрүү мүмкүн эмес. Учурда бир баррель мунай эл аралык базарда 45 доллардын тегерегинде. Уюмга кирген өлкөлөрү эми квотаны өзгөртүү маселесин март айындагы жыйынында талкуулайт. ОПЕКке дүйнөнүн мунай базарынын үчтөн бир бөлүгү таандык.

XS
SM
MD
LG