Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Грузия Абхазия менен сүйлөшүүнү кайра жандандырууга даяр


Бул тууралуу кечээ грузин президенти Михаил Саакашвили билдирди. Анын айтымында, Грузия Абхазияга ар убак кеңейтилген автономия сунуш кылып келген жана бул жерде жашаган баардык улуттардын укугун кепилдөөгө даяр. Саакашвили Грузиянын аймактык биримдигин президент катары өзүнүн алгачкы беш жылдык мөөнөтүндө калыбына келтирүүнү убада кылган. Өткөн аптада ал Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясында Грузиянын дагы бир жикчил чөлкөмү- Түштүк Оссетия боюнча тынчтык планын сунуш кылды. Бирок Түштүк Оссетиянын жетекчилиги Саакашвилинин кеңири автономия берүү жөнүндөгү сунушун четке какты.

XS
SM
MD
LG