Махмуд Аббас Москвага кечээ келди. Бул - мындан беш жыл илгээри маркум Ясир Арафаттын 2000 жылдагы визитинен бери палестин лидеринин Орусиядагы алгачкы иш сапары. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орнотуу аракеттери талкууланмакчы.
Ал эми кечээ Иерусалимде Израилдин премьер- министри Ариэль Шарондун палестин аймактарынан жөөт конуштарына көчүрүү планына каршы массалык демонстрация болду. Ага катышкан 100миңден ашуун киши бул маселе боюнча референдум өткөрүүнү талап кылышты. Израилдин коргоо министри Шауль Мофаздын кечээги жарыясына караганда, жакынкы күндөрү жөөт аскерлери Иордандын Батыш жээгиндеги бир катар шааралардан чыгарылып, алар палестин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүнө берилмекчи.