Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстанда 2 миллион 680 миң шайлоочу добуш берүүгө укуктуу


БИШКЕК. 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунунун 34 узак мөөнөттүү жана 170 кыска мөөнөттү байкоочу, КМШ өлкөлөрүнөн 60-70 чамалаш, КМШнын аткаруу комитетинен 5, Шанхай Кызматташтык уюмунан 5 байкоочу катышат. Бул тууралуу ЕККУга мүчө мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери менен БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин жолугушуусунда маалымдалды. Төрага Иманбаевдин ушул эле жолугушууда билдиргенине караганда, парламенттик шайлоону 96 маалымат каражаты чагылдырат. Ал эми 2-февралдан баштап БШК шайлоонун жүрүшү, шайлоочулардын укук-милдеттери тууралуу түшүндүрмө берген 30 видеотасманы жергиликтүү телеберүүлөр аркылуу элге көрсөтүүнү баштайт. Такталган тизме боюнча парламенттик шайлоодо калктын 2 миллион 680 миңи добуш берүү укугуна ээ.

XS
SM
MD
LG