Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Премьер - министр шайлоого киришпөөгө чакырды


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Кыргызстанда иштеп жаткан элчилерин Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев кабыл алды. Жолугушуу учурунда премьер - министр Кыргызстандын экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. Ал эми парламенттик шайлоого байланыштуу сөзүндө Танаев аткаруу бийлиги техникалык жардам көрсөтөрүн, бирок, шайлоо жараянына киришпей тургандыгын белгилеп, башкаларды да ичтен жана тыштан шайлоо ишине киришпөөгө чакырды. Танаевдин айтымында, азыр шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн Кыргызстанда бардык шарттар бар.
Бул жолугушууга 22 өлкөдөн жана эл аралык 5 уюмдан өкүлдөр катышты. Элчилерди саясий кырдаал, байкоочулардын шайлоого катышуу деңгээли, диний экстремизм коопсуздугу өңдүү маселелер кызыктырды. Ушул эле күнү элчилерди тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев кабыл алды.

XS
SM
MD
LG