ДҮЙШӨМБҮ. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын өкүлү Владимир Сотиров кечээ Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болгон жардырууну тынчсыздана турган көрүнүш катары баалады. Ошентсе да Сотиров ал бул кандуу окуяны 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого жана өлкөдөгү саясий жагдайга байланыштырбайт. Кошмо Штаттарынын Дүйшөмбүдөгү элчилиги бул мамлекеттеги америкалык жарандарын сак болууга чакырды.
Кечээ Дүйшөмбү шаарында өлкөнүнү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын жанында автомашина жарылып, анын каскагынан бир адам каза таап, башка төрт адам жаракат алышкан. Жарылуу автомашинанын газ балонундагы кемчиликтен улам чыкканы же жардыруучу заттан улам болгону белгисиз. Тажик бийликтери бул террордук акт болушу ыктымал экендигин жокко чыгарышкан жок.