РАМАЛЛА. Дүйшөмбү күнү Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз менен Палестин бийлигинин өкүлү Мухамед Далхан сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгына ылайык Израилдин аскерлери Иордан дарыясынын Батыш жээктериндеги Рамалла, Калькилия, Тулькарм жана Иерихон шаарларынан чыгып кетмек жана ал жерлерди палестиндердин коопсуздук күчтөрү өз көзөмөлүнө алмак. Бирок кечээ кечинде Рафах шаарында палестиндердин 10 жаштагы Нуран Диб аттуу кызы Газа чегарасындагы израилдиктер тараптан атылган октон каза тапты. Ошондон кийин ХАМАСтын өкүлдөрү жөөт айылдарына минометтон ок чыгарышты. Израилдин коргоо министри Шауль Мофаз болсо палестиндерден согуш аракеттерин токтотууну талап кылып, сүйлөшүүлөр да үзгүлтүккө учурады. Жөөт тарап кызга окту биз аткан жокпуз деп жатышат. Бул жаңжал 12 күнгө созулган тынчтыктан кийин чыгып отурат.